КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 130
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 326-2-статья менен толукталсын:
"326-2-статья. Фонограммалар жөнүндө мыйзам талаптарын бузуу
Жалпы улуттук маанидеги иш-чараларды кошпогондо, ошондой эле телекөрсөтүү каналдары боюнча түз эфирге тартып алууларда жана көрсөтүүлөрдө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен уюштурулуучу маданий-массалык иш-чаралардагы кызмат көрсөтүүлөрдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан үндүк, плюстук жана жарым-жартылай фонограммаларды аткаруу, ошого тете иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан мыйзамдардын мындай талаптарын камсыз кылбоо,-
жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүздөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Өзү жөнүндө жана фонограммалардын түрлөрү, белеттерде, жарнактарда, афишаларда жана башка алып жүрүүчүлөрдө кеминде 20%ды түзүүчү маалыматтар жөнүндө көрсөтпөстөн, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан, алардын убагында музыкалык чыгармалар аткарылуучу маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, -
жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүз, юридикалык жактарга - сегиз жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү адамдар катары музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын өздөрү таанылышы мүмкүн.".
2. 534-статьянын 1-бөлүгү "321-1 деген сандардан кийин ", 326-2" деген сандар менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |