Редакцияот 25.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 25-июлу № 131

 

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин каражаттарынан согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана оруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңешине колдоо көрсөтөт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев