Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 134
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
36-статьянын мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36-статья. Дене тарбия жана спорт объектилерин менчиктөө
Дене тарбия жана спорт объектилерин менчиктөө, алардын максаттуу багыты сакталган шартта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Мамлекеттин менчигинде турган жалпы улуттук маанидеги дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук жана спорттук-техникалык курулуштар менчиктештирилүүгө жатпайт.
Жалпы улуттук же мамлекеттик мааниси бар объектилер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өзүнчө тизме менен бекитилет.".
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |