Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 136
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо толуктоо киргизилсин:
1. 66-3-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага чейин администрациялык камакка алууга алып келет".
2. 564-статьянын 1-пункту "майда бейбаштык" деген сөздөрдөн кийин ", үй-бүлөлүк зомбулук" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |