КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 137
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
58-статьяда:
2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кошо төлөө каражаттарын киргизүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |