Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 25-июлу № 138

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 33-пункт менен толукталсын:

"33. Кошо төлөө - Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү алынган медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошо каржылоо түрүндө калктан келип түшүүчү, жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программаларын каржылоо көлөмүнөн ашыкча каражаттар.".

2. 377-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Салык салуу максатында атайын каражаттарга демөөрчүлүк жана гуманитардык жардам, тартылган гранттар, ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелеринин кошо төлөө суммалары киргизилбейт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев