Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 142
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк жана эскертүү менен толукталсын:
"Ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.
Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн жобосу ушул Кодекстин 20-главасында каралган, фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттары менен бул администрациялык укук бузуулар белгиленген учурда, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган администрациялык укук бузууларга жайылтылбайт.".
2. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, мааниси боюнча бул ченемдер жеке жакка гана же юридикалык жакка гана таандык жана колдонулушу мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот.".
3. 28-статьяда:
2-пунктта "Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү," деген сөздөр алып салынсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза катары гана белгиленет жана колдонулат.".
4. 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуулар табылган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу катталган учурларда, администрациялык жаза өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында колдонулган санкциянын чегинен алда канча төмөн болгон администрациялык айып түрүндө дайындалат.".
5. 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Администрациялык жазаны берүүдө сот (судья), орган (кызмат адамы) жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзүнө жараша ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайды оордотуучу эмес деп таанышы мүмкүн.
Сот (судья), орган (кызмат адамы) администрациялык жазаны берүүдө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн жагдайды оордотуучу деп тааный албайт.
Бир администрациялык укук бузуунун белгиси катары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган оордотуучу жагдай башка администрациялык жазаны дайындоодо кайрадан эске алынбайт.".
6. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-статья. Администрациялык жазаны колдонуу мөөнөттөрү
Администрациялык жаза администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; укук бузуу созулганда - ал табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген адамдарга - ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык укук бузуу табылган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен жарандарга жана кызмат адамдарга колдонулушу мүмкүн.
Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен белгиленген укук бузуулар үчүн айып түрүндө администрациялык жаза жеке жана юридикалык жактарга карата администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн.
Укук бузуучунун аракеттеринде администрациялык укук бузуунун белгилери болгондо, жазык ишин козгоодон баш тарткан же жазык иши токтотулган учурда, администрациялык жаза жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган же ал токтотулган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы администрациялык укук бузууну жасаса, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө жаңы администрациялык укук бузуу табылган учурдан тартып башталат.
Эгерде укук бузууну жасаган адам атайылап жашырынып жүрсө же ага карата администрациялык жаза аткарылбаган болсо, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө укук бузууну жасаган адам табылган учурдан тартып башталат.".
7. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 46-1-статья менен толукталсын:
"46-1-статья. Администрациялык жазаларды төлөө мөөнөттөрүн бузуу
Айып түрүндө берилген жазаны өз учурунда төлөбөгөндө, башкача айтканда, администрациялык айыпты салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин, ал эми токтомго даттанылган учурда даттанууну же сунушту калтыруу жөнүндө билдирилген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузууну жасаган, жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген адам айыптан тышкары, акчалай суммада көрсөтүлгөн туумду (үстөк пулду) төлөйт.
Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуу боюнча тиешелүү токтом чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде администрациялык айыпты төлөөдөн баш тартканда сот айыпты транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза же администрациялык камак менен алмаштыра алат.
Эскертүү. Туум мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мурда салынган айыптын суммасынын он пайызы өлчөмүндө аныкталат, бирок негизги айыптын суммасынын эки өлчөмүнөн ашпоого тийиш.".
8. 173-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 212-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
10. 213-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен онго чейинки" деген сөздөр "он өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 217-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 218-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
13. 223-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "0,5тен бир өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "бир өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 224-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"224-статья. Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган, аны
пайдаланууга тыюу салгандан кийин, мамлекеттик каттоо
номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган,
башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма
мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги
белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар
мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт
каражатын айдоосу
Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган же пайдаланууга тыюу салгандан кийин транспорт каражатын айдоосу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочунун жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өзгөчө чакандарынан тышкары) арткы боорунда кайталаган мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок транспорт каражатын айдоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочунун мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган же башка буюмдар менен атайылап жашырылган транспорттук каражатты айдоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу -

Айдоочунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу -

Эскертүү. Техникалык нормалдаштыруу жана стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарына ылайык келбегенде мамлекеттик каттоо номерлик белгиси стандарттуу эмес деп, ал эми эгерде 20 метрден ашык аралыкта алдыңкы же арткы мамлекеттик каттоо номерлик белгисинин бир жана андан ашык тамгаларын же сандарын окуу камсыз кылынбаса, - окулбайт деп таанылат.".
15. 227-статьянын экинчи абзацында "экиден үчкө чейинки" деген сөздөр "үч эсептик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 228-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу -
транспорт каражатынын айдоочусу (ээси) бул буюмдарды (күңүрттөөчү пленкаларды, жапкычтарды, пардаларды) милдеттүү түрдө алып салуунун шарты менен эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же транспорт каражатын башкаруу укугунан алты айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.".
17. 230-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен онго чейинки" деген сөздөр "он" деген сөз менен алмаштырылсын.
18. 231-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "0,5тен бир өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "бир өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 232-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын 10 км/сааттан ашык, бирок 20 км/сааттан ашык эмес белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши, -
эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

"эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
20. 233-статьянын экинчи абзацында "эскертүү же" деген сөздөр алып салынсын.
21. 234 жана 235-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"234-статья. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер
органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын
транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу
Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу -

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, -
ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Ички иштер органынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы аркылуу сигнал берүү жолу менен билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш, анткени аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү керек.
235-статья. Транспорт каражатын айдоочусунун жол белгилерин,
жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын
сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун,
транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган
бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин
бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринин башка
одоно бузулуулары
Транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан жол белгилерин же жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандык, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун эрежелерин, жолдордун кесилишинен өтүү, жөө киши өтүүчү жерден өтүү, жолдун четинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка газондордо жүрүүнүн эрежелерин бузушу (ушул Кодекстин 20-главасында каралган учурларды кошпогондо) -

Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине чыгуу же жолдордун жана көчөлөрдүн өтө турган бөлүгүн кесип өтүү, ал айдоочуну токтотууга аргасыз кылышы, туурасынан кетүүчү багытта транспорттук каражаттардын кыймылына тоскоолдук түзүшү, -

Айдоочунун транспорт каражатын токтотуу жана токтотмо жай талаптарын сактабоосу (ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо) -

Белгиленген талаптарды бузуу менен кыймылдын каршы тилкесине транспорт каражатынын чыгышы -

Транспорттук каражаттын айдоочунун адамдарды ташуу боюнча белгиленген талаптарды бузушу -

Эскертүү. Жол кыймылына тоскоолдук түзгөнү, токтотуу жана (же) автоктотмо жай (парковка) эрежелерин бузганы үчүн, ошондой эле транспорт каражаты жол-транспорттук кырсыкка катышкан учурда, айдоочусу (ээси) болбосо да транспорт каражатын атайын автотоктотмо жайга жеткирүү менен аны мажбурлап эвакуациялоого жол берилет.".
22. 238-статьяда:

"эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.";

"эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же эки жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.";
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирген же жазык жактан жазалоо жосунунун белгилери болбогон, транспорт каражаттарын жана башка мүлктөрдү бузган аракет, -
үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.";
4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
5-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.";
6 жана 7-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
8-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.";
9-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул статьянын биринчи-үчүнчү, бешинчи жана сегизинчи бөлүктөрүндө каралган, үч жылдын ичинде эки жолудан ашык жасалган аракеттер, -
төрт жылдык мөөнөткө транспорттук каражатты башкаруу укугунан ажыратууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.".
23. 239-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"239-статья. Транспорт каражатынын айдоочусунун сүйлөшүү
түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонуу эрежелерин
бузуусу
Транспорт каражаты жүрүп бараткан убакта бул транспорт каражатынын айдоочусунун сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонуусу -
эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Транспорт каражатын башкаруу учурунда кулакка таккычтарды же үнү катуу чыккан байланыш каражатын колдонуу аркылуу сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонууга уруксат берилет.
Бул статьяда көрсөтүлгөн талап ыкчам жана атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларына, алар тарабынан кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткаруу убагында жайылтылбайт.".
24. 240-статьянын үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
25. 241-статьяда:

"Транспорт каражатынын айдоочусунун авариялык кырдаалды түзүүгө алып келген Жол кыймылынын эрежелерин бузушу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
26. 242-статьяда:

"эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде жазык жагынан жазалануучу жосундун белгиси болбосо, Жол кыймылынын эрежелерин транспорт каражатынын айдоочусунун бузуусунан жабырлануучунун ден соолугуна залал келтирилиши -
эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салынышына же кийин жабырлануучунун ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу менен эки жылга транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.";

"эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.".
27. 243-статьяда:
статьянын аталышы "ээ болбогон" деген сөздөрдөн кийин "же андан ажыратылган" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Айдоо укугунан ажыратылган адамдын транспорт каражатын айдоосу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
28. 20-глава төмөнкүдөй мазмундагы 244-1-статья менен толукталсын:
"244-1-статья. Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын
жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу боюнча талаптарды сактабагандык
Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын айдоосу, -

Эскертүү. Коркунучтуу жүктөрдү ташуучу деп коркунучтуу жүктөрдү ташыган жана бул үчүн транспорт каражатын пайдаланган жеке же юридикалык жак түшүнүлөт.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу деп менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобилдик транспорт каражатка ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, акы үчүн же жалдоо боюнча жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн ташууга укугу бар жеке же юридикалык жак түшүнүлөт.
Жүргүнчү деп анын атынан же анын өзү түзгөн ташуу келишимин аткаруу үчүн ташуучу акыга ташыган жеке жак түшүнүлөт.".
29. 245-статьянын биринчи абзацында "Кодекстин ушул статьясында" деген сөздөр "ушул Кодекстин 20-главасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. 20-глава төмөнкүдөй мазмундагы 246-1-статья менен толукталсын:
"246-1-статья. Шаардык жана шаар четине каттаган коомдук
транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу
Транспорт каражатынын кыймыл учурунда бут койгучунда жана чыгып турган башка бөлүктөрүндө, кирүү жана чыгууларында жол жүрүү түрүндө, эшиктердин ачылышына жана жабылышына тоскоолдук кылуу, тиешелүү таңгаксыз кесүүчү буюмдарды, ошондой эле салонду жана жүргүнчүлөрдүн кийимин булгай турган буюмдар менен заттарды ташууларды жасоо менен троллейбусту, шаардык жана шаар четине каттаган автобусту же таксини пайдалануу эрежелерин бузуу, -
эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
31. 248-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" жана "бир жылдан эки жылга чейин" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "жыйырма" жана "бир жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" жана "эки жылдан үч жылга чейин" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "жыйырма" жана "төрт жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "үч жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
эскертүүдө "ушул статья" деген сөздөр "ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
32. 249-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-статья. Белгиленген тартипте катталбаган, билип туруп жасалма
мамлекеттик каттоо номер белгиси менен, оң эмес,
кайра жабдылган жана мамлекеттик техникалык кароодон
өтпөгөн транспорт каражатын жолго чыгаруу
Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын жолго чыгаруу, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Билип туруп жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын жолго чыгаруу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Аны пайдаланууга тыюу салынган оң эмес, тиешелүү уруксатсыз кайра жабдылган же мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражаттарын жолго чыгаруу, -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
33. 250-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
34. 508-статьяда "228-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-статьясынын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьясында, 240-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 248, 250-статьяларында" деген сөздөр "228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 248-статьясында," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
35. 511-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"511-статья. Ички иштер органдары
Ички иштер органдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөндөгү статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жазаларын көрөт:
ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары ушул Кодекстин 92-1-статьясында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239- жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243-245, 246-1, 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 375, 376-статьяларында, 377-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 378-386, 389-статьяларында, 390-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 391, 391-1, 393, 410-статьяларында;
транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - 85-1, 212, 216, 220-статьяларында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 378, 410-статьяларында;
милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн жана линиялык пункттарынын башчылары - 85-1, 216-статьяларында, 220-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 377, 384, 389, 410-статьяларында;
милициянын участоктук инспекторлору - 85-1, 247, 365-статьяларында, 366-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 384-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 396-статьясында;
жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) башчылары жана алардын орун басарлары, ал эми ички иштер бөлүмүндө жол кыймылы коопсуздугунун бөлүмү жок болгондо - ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орун басарлары - 173, 212-статьяларында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231, 232-237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239 жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243-245, 246-1, 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө;
жол кыймылы коопсуздугунун башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору, жол кыймылы коопсуздугунун полкторунун, батальондорунун, роталарынын, бөлүмдөрүнүн командирлери жана алардын орун басарлары, улук мамавтоинспекторлору, взводдордун командирлери, администрациялык практиканын улук инспекторлору жана инспекторлору, жол көзөмөлүнүн улук инженерлери жана инженерлери, жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору жана инспекторлору - 173, 212-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндө, 225-227-статьяларында, 229-статьясында, 231-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 232, 233, 235-237-статьяларында, 239-статьясында, 245, 246-1, 247-статьяларында.".
36. 551-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Качан гана бул мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же мыйзам менен кайтарылуучу башка сырды жарыя кылууга алып келиши мүмкүн болгон, ага тете бул администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышып жаткан адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, алардын жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу таламдарын, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоону талап кылган учурларды кошпогондо, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ачык каралат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти жабык кароо тууралуу чечим ишти карап жаткан судья, орган, кызмат адамы тарабынан аныктама түрүндө чыгарылат.".
37. 553-3-статьянын эскертүүсү күчүн жоготту деп таанылсын.
38. 559-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен укук бузуулар табылган жана белгиленген учурларда, администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адам катышпастан, ага карата администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом чыгарылат жана ушул Кодекстин 589-статьясында каралган тартипте жол-жоболоштурулат.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча материалдарды кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санарип колтамгасы менен тастыкталат.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом жана фотожана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу аркылуу даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү аталган токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде почта аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамга жиберилет.".
39. 567-статьяда:
3-бөлүгүндө "буюмдарды карап чыгуу" деген сөздөр "алып коюлган буюмдарды жана документтерди көрсөтүү менен карап чыгуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жол кыймылынын коопсуздугуна шек келтирген, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: айып, транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, администрациялык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болгондо - айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пункту менен каралган тартипте чыгарылган токтомдо жазылат. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом сот тарабынан чыгарылган учурларда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
Транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоо күбөлүгүнүн жоголгону боюнча берилген убактылуу талон боюнча транспорт каражатын башкарган айдоочу тарабынан администрациялык укук бузуу жасалганда, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан убактылуу талонду алып коюу жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берүү менен администрациялык протокол түзүлөт, уруксаттын күчү убактылуу талондун колдонулушунун мөөнөтүнөн ашпайт. Алып коюулган убактылуу талон администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммасы, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айыптар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн кийин ээсине кайра кайтарылат. Адамды транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратканда убактылуу талон кайра кайтарылбайт.
Ушул Кодекстин 140, 149, 377-379, 382-статьяларында каралган укук бузуулар жасалган учурда милиция кызматкерлери жана аңчылыктын жана балык уулоонун эрежелеринин сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укуктуу органдар ок атуучу куралды, ошондой эле ок-дарыларды ишти караганга чейин алып коюуга укуктуу, ал жөнүндө алып коюлган куралдын маркасын же моделин, калибрин, сериясын жана номерин, ок-дарылардын санын жана түрүн көрсөтүү менен протоколго жазуу жазылат. Кызматтык милдеттерди аткарууда укук бузган адамга карата алып коюу, жекече карап чыгуу жана буюмдарын карап чыгуу кечиктирүүгө болбогон учурларда гана колдонулат.
40. 568-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"568-статья. Мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жана
транспорт каражаттарын кармоо, транспорт каражатын
башкаруудан четтетүү жана мас абалын аныктоо жүйөсүн
күбөлөндүрүү
Ушул Кодекстин 46-1-статьясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган администрациялык жазаны төлөө мөөнөтү бузулганда, ошондой эле ушул Кодекстин 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234 жана 238-статьяларында, 241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө, 242-244, 244-1, 248-статьяларында каралган бузууларда, ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмчөлөрүнүн кызмат адамдары, ошондой эле Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органынын кызматкерлери (автомототранспорттон тышкары) транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алат же транспорт каражатын кармайт жана аларды ишти караганга чейин белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери боюнча түзүлгөн айып алынуучу атайын токтотмо жайларга убактылуу сактоо үчүн жеткирет.
Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилери алып коюлганда же транспорт каражаты кармалганда айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколго же ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү пунктунда каралган тартипте чыгарылган токтомго тиешелүү жазуу жазылат.
Транспорт каражатынын алып коюлган мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин же кармалган транспорт каражатын ээсине (айдоочуга) берүү администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммалары, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айып акылар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн, кармалган транспорт каражатынын ордун которуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин ички иштер органынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүргүзүлөт, ал протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган тартипте чыгарылган токтомдо кармалган транспорт каражаты, алып коюлган мамлекеттик каттоо номерлик белгилери берилген датаны, ошондой эле аларды алган адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, дарегин, телефон номерин жана колтамгасын көрсөтүү менен жазуу жазат.
Транспорт каражаттарын кармоо, ошондой эле мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин жана транспорт каражаттарын алып коюу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Транспорт каражаттарын башкарган, алар мас абалда деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгон айдоочулар мас абалын аныктоо боюнча күбөлөндүрүлүүгө жатат. Аталган адамдарды ошондой күбөлөндүрүүгө жөнөтүү тартиби жана аларды күбөлөндүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
41. 570-статьянын экинчи бөлүгү "адам жокто ишти кароонун" деген сөздөрдөн мурун "ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган же" деген сөздөр менен толукталсын.
42. 584-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун
орду
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, транспорт каражаты табылган, айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюу же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жери боюнча, ал эми өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнүчү боюнча иш бул адам жашаган жери боюнча же транспорт каражаты эсепте турган жери боюнча каралышы мүмкүн.
Ушул Кодекстин 46-1-статьясында, 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, 238-статьясынын биринчи-алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө, 242-244, 244-1, 248-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаты айып алынуучу атайын токтотмо жайга коюлган же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып койгон жери боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 247-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 223, 224, 226-237, 239-242, 245, 246-1-248-статьяларында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер жашы жете электердин иштери боюнча комиссиялар тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жашы жете электин жашаган жери боюнча каралат.".
43. 586-статьянын 1-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келүүсү ырасталат;".
44. 588-статьянын 1-пункту "Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун протоколу" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
45. 592-статьяда төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"592-статья. Администрациялык жаза салынгандыгы жөнүндө токтомду
администрациянын маалым болуусуна жеткирүү
Ушул Кодекстин 88, 89-статьяларында, 228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230, 238-статьяларынын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө, 242, 248, 365-статьяларынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карап жаткан сот (судья) же орган (кызмат адамы) администрациялык жаза салынгандыгы жөнүндө токтомду бузуучунун иштеген, окуган же жашаган жери боюнча администрациянын маалым болуусуна жеткирет.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган сот (судья) чыгарылган чечимдин көчүрмөсүн берүү менен, бул иш боюнча чыгарылган чечим жөнүндө маалыматты администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органдын (кызмат адамынын) маалым болуусуна жеткирүүгө милдеттүү."
46. 594-статьянын 1-пункту "даттануу бере алат" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө макул болбогон учурда, даттануу түздөн түз сотко берилет" деген сөздөр менен толукталсын.
47. 595-статьянын 1-бөлүгү "сотко даттанылышы мүмкүн" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө макул болбогон учурда даттануу түздөн түз сотко берилет" деген сөздөр менен толукталсын.
48. 609-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде аткарылбаган болсо, ал аткарылууга жатпайт.
Эгерде ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген айып түрүндөгү администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде аткарылбаган болсо, ал аткарылууга жатпайт.".
49. 614-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Укук бузуу жасалган жерде администрациялык айыпты өндүрүүдө бузуучуга катуу финансылык отчеттуулук документи болуп саналган жана эки нускада түзүлгөн, белгилеген формадагы айып квитанциясы берилет. Администрациялык укук бузуу жасаган адам салынган жаза-чарага өзүнүн макулдугун айыпты ыктыярдуу төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы бул жаза-чарасы колдонулган адамга берилет.";
2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Администрациялык укук бузуу жасагандык үчүн салынган айып укук бузуучу тарабынан накталай же накталай эмес формада Кыргыз Республикасынын банкынын же почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине төгүлөт. Укук бузуу жасалган жерде алынуучу айып укук бузуучу тарабынан, ушул Кодекстин 559-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте, накталай төлөм формасында төгүлөт.
3. Өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдары салган администрациялык айыптардын суммалары, ушул статьянын төртүнчү-алтынчы пункттарында каралган учурларды кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге чегерилет.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-7-пункттар менен толукталсын:
4. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузган администрациялык укук бузуулар жасалганда алынуучу администрациялык айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет.
5. Бажы органдары өндүргөн администрациялык айып акылардын суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Бажы тутумун өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы фондуна чегерилет.
6. Административдик укук бузуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) салган айыптардын суммалары тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге чегерилет. Мында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын бирликтеринин, ассоциацияларынын) текшерүүлөрүнүн материалдары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан салынган административдик айыптардын суммаларынан 30 пайыз айыптык сумма ошол керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (бирликтеринин, ассоциацияларынын) эсебине чегерилет.
7. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган, жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген укук бузуулар боюнча алынуучу администрациялык айыптардын суммалары ички иштер органынын кызмат адамы, сот (судья) тарабынан жүргүзүлөт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт.
50. VI бөлүм толукталсын:
төмөнкүдөй мазмундагы 14 жана 15-бөлүктөр менен:
"Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна убактылуу уруксат - алып коюлган айдоочунун күбөлүгүнүн ордуна ички иштер органдарынын жол кыймылы коопсуздугунун бөлүмчөлөрүнүн кызмат адамдары тарабынан берилүүчү жана белгилүү мезгилде (отуз сутка) транспорт каражаттарын башкарууга жеке жактардын укугун тастыктоочу документ.
Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна убактылуу талон - айдоочунун күбөлүгүнүн жоголгондугу боюнча айдоочунун күбөлүктөрүн берүү жана алмаштыруу функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан берилүүчү, белгилүү мезгилде (отуз сутка) транспорт каражаттарын башкарууга жеке жактардын укугун тастыктоочу документ.".
төмөнкүдөй мазмундагы 106-бөлүк менен:
"Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) - транспорт каражатына менчик укугу бар жеке жак же транспорт каражаты балансында турган юридикалык жак.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ