Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 143
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбуланын 1-бөлүгү "аймагындагы" деген сөздөн кийин "эл үчүн уникалдуу баалуулук болгон" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгүндө "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 9-статьяда:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тарыхый-маданий мурас объекттерин пайдалануунун жана күтүүнүн тартибин, тарыхый-маданий мурас объекттерин консервациялоо, реставрациялоо, оңдоо, музейлештирүү жана регенерациялоо боюнча иштердин аткарылышын мамлекеттик көзөмөлдөөнү төмөнкүдөй текшерүүлөр түрүндө жүзөгө ашырат:
пландуу - мурдатан пландаштырылган жана жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлүүчү;
пландан тышкаркы - тарыхый-маданий мурас объекттерине бузулуу же жок болуу коркунучу болгон учурда дайындалуучу;";
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдайт жана тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузган кызмат адамдарын, ишканаларды, мекемелерди, коомдук бирикмелерди, уюмдарды жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч билдирет;".
4. 10-статьяда:
- аталышында "жергиликтүү бийлик органдарынын" деген сөздөр "мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- биринчи абзацта "Жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 11-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тарыхый-маданий мурас объекттеринин менчик ээлери болуп саналган жарандар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү талаптарды милдеттүү аткаруу менен алардын сакталышын жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү:
- тарыхый-маданий мурас объектисинин паспортуна сактоо буюмзаты катары киргизилген маалыматтарга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин ички жана тышкы келбетин сактоого;
- эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдан тарыхый-маданий мурас объектисинин аймагынын чектеринде жер казуу, жерге жайгаштыруу, курулуш, мелиорациялык, чарбалык жана башка жумуштарды жүргүзүүгө уруксат алууга;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин өзгөчө корголуучу режиминин сакталышын камсыз кылууга;
- тарыхый-маданий мурастын объектисинин өздөрү тарабынан белгиленген шарттарда жетимдүү болуусуна;
- тарых жана маданият эстеликтерин пропагандалоого жана кеңири жайылтууга катышууга.".
6. 19-статьянын 1-бөлүгүндө "мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр "мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары," деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 20-статьянын 2-бөлүгүндө, 22-статьянын 4-бөлүгүндө, 29-статьянын 2-бөлүгүндө, 30-статьянын 5-бөлүгүндө, 33-статьянын 1-бөлүгүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жергиликтүү бийлик органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттерин
мамлекеттик эсепке алууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери, кимдин менчигинде турганына карабастан, мамлекеттик эсепке алынуусу тийиш.
Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын кыймылсыз объекттери жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине (мындан ары ушул статьяда - тизме) киргизилет.
Тизме Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттеринин аталышы, жайгашкан жери, коюлган датасы, иликтенүү деңгээли, абалы, өлчөмдөрү, менчигинин түрү, аймактык чек арасы жөнүндө, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрү тууралуу маалыматтарды камтыган маалыматтык тутум болот.
Жеке менчик болуп саналган турак жай имараттары менчик ээсинин макулдугу менен мамлекеттик катталууга жатат.
Тизмеге киргизилген тарыхый-маданий мурас объектисинин менчик ээсине эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан тарыхый-маданий мурас объектисинин паспорту (мындан ары - паспорт) берилет.
Паспортко бул тарыхый-маданий мурас объектин коргоонун буюмзатын түзгөн маалыматтар (түрү, аймагынын чек араларынын сыпаттамасы, объекттин фотосүрөтү; объекттин менчик ээси, объектти пайдалануучу, жер участогунун менчик ээси жана жер участогун пайдалануучу жөнүндө, ошондой эле чектеринде тарыхый-маданий мурас объекти жайгашкан жер участогун пайдалануунун укуктук режими жөнүндө маалыматтар) киргизилет.
Паспорт жөнүндө жобо (анын сыпаттамасы, жол-жоболоштуруунун жана берүүнүн тартиби) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Тарыхый-маданий мурастардын кыймылсыз объекттери же чектеринде археологиялык объекттер жайгашкан же суу объекттери менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда паспорт кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү тартипте көрсөтүлүүчү документтердин бири болуп саналат.
Тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктагы жаңыдан табылган тарыхый-маданий мурас объекттери алардын статусу жөнүндө биротоло акыркы чечим кабыл алынганга чейин ушул Мыйзамга ылайык тарых жана маданият эстеликтери менен бир катарда коргоого алынууга тийиш.".
9. 22-статьяда:
төмөнкүдөй мазмундагы 1-бөлүк менен толукталсын:
"Эсепке алууну жана коргоону натыйжалуу уюштуруу максатында эстеликтер эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтерге бөлүнөт.";
4-бөлүгү "тарых" деген сөздөн кийин "жана маданият" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза
Мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий муpac объекттеринин тизмесине киргизүүнү негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөө;
- тарыхый-маданий мурас объекттеринин корголуучу чөлкөмдөрүнүн долбоорлорунун шаар куруу документтерине ылайыктуулугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча талаптарга ылайык жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштардын ылайыктуулугун аныктоо;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объект деп аныктоо.
Тарыхый-маданий экспертиза өткөрүү үчүн эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган курамына окумуштуулар, адистер, маданият жана искусство ишмерлери, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чыгармачыл бирликтердин жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген эксперттик комиссияны (мындан ары - комиссия) түзөт.
Тарыхый-маданий мурас объекттеринин тарыхый-маданий экспертизасын өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Тарыхый-маданий экспертиза шаар куруу регламенттери бекитилгенге жана жүзөгө ашырылышы тарыхый-маданий мурас объектисинин сакталышына же болбосо аларды коргоо эрежелеринин бузулушуна түздөн-түз же кыйыр коркунуч келтириши мүмкүн болгон жерге жайгаштыруу, жер казуу, курулуш, мелиорациялык жана чарбалык жумуштар башталганга чейин жүргүзүлөт.
Тарыхый-маданий экспертиза өткөрүү боюнча жумуштарга акы төлөө ошол жумуштардын тапшырыкчысы тарабынан жүзөгө ашырылат. Республикалык маанидеги тарыхый-маданий объекттердин тарыхый-маданий экспертизасын өткөрүү боюнча жумуштарга акы төлөө өлчөмүн аныктоонун тартиби эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Төмөнкүлөр тарыхый-маданий экспертиза объекттери болуп саналат:
- ушул Мыйзамга ылайык тарыхый-маданий мурас объектисинин белгилерине ээ болгон объекттер;
- чарбалык өздөштүрүүгө тийиш болгон жер участоктору;
- тарыхый-маданий мурас объектисин тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмелерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисинин тарыхый-маданий маанисинин категориясын өзгөртүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар;
- тарыхый-маданий мурас объектисин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий коруктарына, өзгөчө баалуу тарыхый-маданий объекттерине же болбосо бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурас объекттерине киргизүүнү негиздөөчү документтер жана материалдар.".
11. 29-статьянын 1-бөлүгү "жеке жактарга" деген сөздөрдөн кийин "5 жылдык мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 32-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Чарбалык жумуштарды жүргүзүүдө жана аймактарды
өздөштүрүүдө тарыхый-маданий мурас объекттеринин
сакталышын камсыз кылуу
Курулуш, жол жумуштарынын бардык түрлөрүн же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү, сууга бастырууга же ландшафттын анын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү тогоондорду тургузууну жүргүзүүчү уюмдар инженердик-изилдөө иштеринин баскычында ажыратылган аймакта тарыхый жана маданий эстеликтердин барына же жогуна археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду алууга милдеттүү.
Археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду курулуш уюмдарынын же жердин менчик ээлеринин эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы же башка илимий-изилдөө уюмдары тарабынан аткарылат.
Бул жумуштардын жүрүмүндө тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышына коркунуч пайда болгон же болбосо аларды коргоо эрежелери бузулган учурда чарбалык жумуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтотулушу же болбосо тыюу салынышы мүмкүн.".
13. 33-статьяда:
1-бөлүгү "тарабынан" деген сөздөн кийин "иштин белгилүү бир түрүн бир жылдан ашуун эмес жүргүзүү укугуна" деген сөздөр менен толукталсын.
3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке жана юридикалык жактардын археологиялык, анын ичинде суу астындагы иштерди атайын уруксатсыз - Ачык бараксыз өз бет алдынча жүргүзүүлөрү мыйзамсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазаланат.
Археологиялык талаа жумуштарын жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар жумуштар аткарылган күндөн тартып үч жылдын ичинде (материалдар иштеп чыгылгандан жана жарыялоого даярдалгандан кийин) табылган маданий баалуулуктарды туруктуу сактоого Кыргыз Республикасынын мамлекеттик музей фондуна өткөрүп берүүгө милдеттүү. Музей фондуна өткөрүп бергенге чейин алардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти археологиялык талаа жумуштарын жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар тартат."
14. 34-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө долбоордук документтерди иштеп чыгууну жүргүзүп жаткан жеке жана юридикалык жактар ушул объектте илимий жетекчиликти, техникалык жана автордук көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
Тарыхый-маданий мурас объектисин сактоо боюнча жумуштар аткарылгандан кийин, илимий жетекчиликти жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактар аткарылган иштер жөнүндө илимий отчетту кошуп алганда, отчеттук документтерди эстеликтерди сактоо боюнча мамлекеттик органга үч айлык мөөнөттө өткөрүп беришет.".
15. 36-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин кайрадан калыбына келтирүү өзгөчө учурларда - тарыхый, илимий, көркөм, шаар куруу же башка коомдук өзгөчө баалуулук болгондо реставрациялык усулдар менен жүзөгө ашырылат. Жок болуп кеткен тарыхый-маданий мурас объектисин мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечим тарыхый-маданий экспертизанын корутундусунун негизинде, эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча кызыкдар адамдардын жана уюмдардын пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.".
16. 39-статьянын 1-бөлүгүндө "мамлекеттик органдар," деген сөздөр "мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары," деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |