Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 30-июлу № 144
2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо долбоору үчүн Экинчи кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |