Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 3-августу № 146
"Автомобиль жолдору жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-статьяны кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр формасындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөр формасындагы "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" жана "жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "Көпчүлүк пайдалануучу" жана "көпчүлүк пайдалануучу" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "Жалпы пайдалануудагы" жана "жалпы пайдалануудагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 1-статьянын 2 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 3-статьянын 1-бөлүгүндө "жол кыймылынын эрежелери, мамлекеттик стандарттар жана башка ченемдик документтер" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Жеке менчик автомобиль жолдору
Жеке менчик автомобиль жолдору:
- юридикалык же жеке жактар тарабынан курулат жана алардын менчиги болуп саналат;
- менчик ээсинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн кызмат кылат.
Ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдору транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан оң корутунду берилгенден кийин алардын менчик ээлеринин же ээлеринин чечими боюнча жалпы пайдалануу үчүн ачылышы мүмкүн.
Ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин бардык автомобиль жолдору мамлекеттин менчиги болуп саналат.".
7. 13-статьяда:
6-бөлүгүндө:
алтынчы абзацындагы "бирдиктүү стандарттардын жана ченемдердин негизинде" деген сөздөр алып салынсын;
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- автомобиль жолдорунун ээлеринин транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүсү жана контролдо болуусу;";
7-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;";
статья төмөнкүдөй редакциядагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун куруунун жана оңдоонун мамлекеттик планын иштеп чыгат, ошондой эле республиканын автомобиль жолдорун оңдоп куруу, реабилитациялоо жана инфраструктурасын жакшыртуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт.".
8. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Жол органдарынын, автомобиль жолдорунун ведомстволук
ээлеринин жана муниципалдык, жеке менчик ээлеринин
милдеттери
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору карамагында турган жол органдары, ведомстволук автомобиль жолдорунун ээлери жана жеке менчик автомобиль жолдорунун ээлери ал жолдорду эл чарбасынын жана калктын ташуу иштерине болгон муктаждыктарына жана колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жол кыймылынын коопсуздук талаптарына жооп бергидей абалда кармоого, алардын тармактарын көрктөндүрүп, сарамжал өнүктүрүүнү камсыз кылууга, бул иштер үчүн бөлүнгөн каржылоо каражаттарын максатка ылайык пайдаланууга милдеттүү.".
9. 18-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жалпы пайдалануудагы, жергиликтүү маанидеги жана ведомстволук автомобиль жолдорун пайдалануу жана коргоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөт тарабынан аныкталат.";
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
10. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча атайын
жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарын өткөрүүнүн
тартиби
Автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсүнө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксаты болгон учурда гана жол берилет.
Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын кыймылынын маршруттары жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өткөндүгү үчүн бул каражаттардын ээлеринен транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан атайын жыйым алынат, анын максаттуу багыты болот жана автомобиль жолдорун пайдалануучуларды келтирилген материалдык зыяндын ордун жабуудан бошотпойт.
Атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды алуу жана бөлүштүрүү тартиби, ошондой эле жыйымдардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ош - Бишкек автомобиль жолу боюнча атайын жана бөлүнгүс жүктүү транспорт каражаттарынын өтүүсү мамлекет үчүн өзгөчө учурларда гана жол берилет. Калган учурларда жол берилбейт. Мындай уруксат жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.".
11. 21-23-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-статья. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы
төлөмө жолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт
каражаттарынын өткөнү үчүн жыйымдар
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы акы төлөмө жолдор жана жасалма курулмалар боюнча транспорт каражаттарынын өткөнү үчүн кошумча каражат ошол транспорт каражаттарынын ээлеринен алынат. Алуунун тартиби жана эрежелери тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан контролдонот.
22-статья. Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же
ага чек коюу
Автомобиль жолдорунда кыймылды убактылуу токтотуу же ага чек коюу табигый мүнөздөгү шарттар түзүлгөндө, жол-климат абалына же оңдоо-курулуш иштерине байланыштуу, ошондой эле автомобиль жолдорунда түзүлгөн абал жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу талаптарына жооп бербеген учурларда гана жүргүзүлөт.
Жол кыймылына чек коюу же аны токтотуу тууралуу чечим канчага чейин күчүндө тураары көрсөтүлүп, төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:
- эл аралык жолдордо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
- мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунда - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жергиликтүү маанидеги жолдордо - транспорт жана коммуникациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик бийликтин областтык органдары;
- ведомстволук жолдордо - тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол ээлери;
- жеке менчик автомобиль жолдорунда - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол менчик ээлери;
- муниципалдык жолдордо - жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдары.
Кечиктирилгис учурларда транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жолду пайдалануу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурганда же чоң жүк ташыган технологиялык транспорттун кыймылы жолдо транспорт кыймылына кыйынчылык келтиргенде, жолдун айрым участокторунда жол кыймылына тыюу сала алат же чектөө кое алат.
23-статья. Автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесин
эксплуатациялоонун тартиби
Автомобиль жолдорунун жерлери өзүнө жол тилкесин, бөлгүч тилкени жана контролдоочу зонаны камтыйт, булар автомобиль жолдоруна туруктуу же убактылуу пайдаланууга, асыресе жол органдары тарабынан ижара шартында автомобиль жолдорун куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле жол-эксплуатациялык кызматтын кадимкидей иштешин камсыз кылууга зарыл имараттарды жана курулмаларды салууга берилет.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору ээлеген жерлер мамлекеттик менчикке кирет, бөлүнгүс болуп саналат жана жеке менчикке өткөрүлүп берилүүгө жатпайт.
Автомобиль жолдорунун жерлерин пайдалануу долбоордук документациянын, стандарттардын, ченемдердин жана автомобиль жолдорун куруу, оңдоо жана күтүү эрежелеринин жана жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарынын негизинде аныкталат.
Автомобиль жолдорунун жерлеринде белгиленген тартипти бузуу менен тургузулган ар кандай конструкциялар, курулмалар жана орун жайлар турган бул жерлерди пайдалануу мыйзамсыз деп таанылат, автомобиль жолдорунун ээлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте ээнбаш курууну жүзөгө ашырган адамдардын эсебинен жок кылынууга жатат.
Автомобиль жолдорунун жерлери белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга жатат.
Автомобиль жолдорунун жерлери:
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунуку - транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын карамагында турат;
- ведомстволук жана жеке менчик автомобиль жолдорунуку - алардын ээлеринин карамагында турат;
- калктуу конуштарда - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын карамагында турат.
Автомобиль жолдорунун бөлгүч тилкесинин жерлери жол сервисин өнүктүрүү, көрктөндүрүү жана тейлөөчү жол комплексин жайгаштыруу үчүн гана пайдаланылат.
Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун бөлгүч зонасында, контролдонуучу зонасында жана жол тилкесинде жол боюндагы сервис объектилерин өнүктүрүүнүн, жайгаштыруунун жана көрктөндүрүүнүн башкы схемасы транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат.
Эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун контролдонуучу зонасындагы жана бөлгүч тилкесиндеги бөлгүч тилкенин жер участоктору бөлүнүп берилбейт, объекттерди курууга тыюу салынат.
Автомобиль жол жерлерин ээнбаш пайдаланылса, бул иш жолдорду мыйзамсыз пайдалануу учурундагы жумшалган өндүрүштүк чыгымдардын орду төлөнүп берилбестен токтотулат.".
12. 28-статьянын 2-бөлүгүндө "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.
13. 32-статьяда:
биринчи бөлүгүндөгү ", техникалык ченемдер менен стандарттарга" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Автомобиль жолдорун жана темир жол өтмөктөрүн оңдоонун жана күтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
6-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 33-статьяда:
1-бөлүгүндө "Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.
15. 37-статьяда:
2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3-бөлүгүндө "тиешелүү мыйзамдарды" деген сөздөр "тиешелүү ченемдик укуктук актыларды" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ