Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 3-августу № 149
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
жыйырманчы абзацта "райондун (райондук кеңеш)," деген сөздөр алып салынсын;
жыйырма биринчи абзацта ", райондун" деген сөз алып салынсын;
отуз экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) уставы - мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын ишин жөнгө салуучу жергиликтүү жамааттын негизги укуктук актысы;";
отуз үчүнчү абзацта ", райондун" деген сөз алып салынсын.
2. 44-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "51" деген сан "53" деген санга алмаштырылсын.
3. 47-беренеде "жана райондук" деген сөздөр алып салынсын.
4. 49-беренеде:
1-бөлүгүндө "жана райондук" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;
2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топторуна жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.".
5. 50-берененин 3-бөлүгүндө:
2-пунктунда "райондук жана" деген сөздөр алып салынсын;
3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.
Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин арызына жана саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын тиешелүү чечимдерине ылайык, шайланган талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын чечимдери саясий партиянын уставында белгиленген тартипте кабыл алынат.".
7. 4-главанын аталышында "Райондук жана" деген сөздөр алып салынсын.
8. 55-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын
шайлоо фонду
1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.
2. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;
2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;
3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;
4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашышы мүмкүн эмес.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;
2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;
3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;
4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес.".
9. 56-беренеде:
берененин аталышында "Райондук жана" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүү бүткөн күндөн тартып депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылган учурда, анда аймактык шайлоо комиссиясынын тийиштүү чечимине ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин бул тизмеде жайгашуусунун өзгөртүлгөн тартибине ылайык жүргүзүлөт.".
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Өкмөт 3 айлык мөөнөттө:
1) мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган райондук кеңештердин депутаттары ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен алар шайланган мөөнөттүн аягына чейин өз ыйгарым укуктарын сактайт.
4. 2008-жылдын 5-октябрында өткөрүлгөн шайлоонун натыйжалары боюнча шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2012-жылдын 30-ноябрына чейин узартылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |