Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 6-августу № 151
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2002-ж., № 12, 501-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
17-статьянын эскертүүсүндө:
биринчи абзацында "жазык иши өндүрүшүндө болгон тергөөчү, прокурор, сот тарабынан берилген жактоочуну жазык ишине катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоо," деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи абзацы алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |