Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 8-августу № 154
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 153-берененин 20-пунктунда "кооперативдин мүчөлөрүнө арналат" деген сөздөр алып салынсын жана мамлекеттик тилдеги редакциясында "түшүп" деген сөз "түшөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 163-берененин 4-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "гараждык" деген сөздөн кийин "айыл чарба товардык-сервистик" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|