Редакцияот 10.08.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 10-августу № 166

 

1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

1993-жылдын 29-майында Гаагада кабыл алынган Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенция ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Нидерланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигине ратификациялоо жөнүндө грамотаны сактоого жиберсин.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы мамлекеттик органына, Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенцияда жүктөлгөн нормаларды аткарууда, Кыргыз Республикасынын атынан ыйгарым укуктуу орган катары чыгууга ыйгарым укук берсин.

 

4-берене.

 

Балдарды коргоо жана эл аралык асыроого карата кызматташуу жөнүндө конвенциянын 23-статьясына ылайык эл аралык асырап алуу боюнча күбөлүктү жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берет.

 

5-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

А.Атамбаев