Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 27-сентябры № 168
Кыргыз Республикасынын шаар тибиндеги айрым поселокторун өзгөртүп түзүү жана аларды айылдын же шаардын категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кадамжай шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
3-берене.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Советское шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айыл аймагы түзүлсүн.
4-берене.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чаувай айыл аймагы түзүлсүн.
5-берене.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагы түзүлсүн.
6-берене.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар айыл аймагы түзүлсүн.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
8-берене.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булак айыл аймагы түзүлсүн.
9-берене.
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айыл аймагы түзүлсүн.
10-берене.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл аймагы түзүлсүн.
11-берене.
Нарын облусунун Нарын районундагы Достук шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Достук айыл аймагы түзүлсүн.
12-берене.
Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл аймагы түзүлсүн.
13-берене.
Ош облусунун Ноокат районундагы Найман шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагы түзүлсүн.
14-берене.
Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл аймагы түзүлсүн.
15-берене.
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак айыл аймагы түзүлсүн.
16-берене.
Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз шаар тибиндеги поселогу айылдын категориясына киргизилсин жана анын базасында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Ак-Түз айыл аймагы түзүлсүн.
17-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
18-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
19-берене.
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаар тибиндеги поселогу райондук маанидеги шаардын категориясына киргизилсин.
20-берене.
Пүлгөн, Чал-Таш жана Таш-Кыя айылдары Орозбеков айыл аймагынын курамынан чыгарылсын жана алар Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын курамына киргизилсин.
Райондук маанидеги Кадамжай шаары Баткен облусунун Кадамжай районунун администрациялык борбору болуп аныкталсын.
21-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:
- Токтогул жана Кемин поселоктук кеңештери тиешелүүлүгүнө жараша Токтогул жана Кемин шаардык кеңештери деп аталсын;
- Токтогул жана Кемин шаар тибиндеги поселокторунун аткаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша Токтогул жана Кемин шаарларынын мэриялары деп аталсын;
- 2010-жылдын 28-мартындагы жана 2012-жылдын 25-мартындагы шайлоолордун жыйынтыктары боюнча тиешелүүлүгүнө жараша шайланган Токтогул жана Кемин поселоктук кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктары Токтогул жана Кемин шаардык кеңештеринин депутаттарынын статусунда алар шайланган мөөнөттүн акырына чейин сакталат;
- Токтогул жана Кемин поселоктук кеңештери тарабынан шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары тиешелүүлүгүнө жараша 2010-жылдын 28-мартындагы жана 2012-жылдын 25-мартындагы шайлоолордун жыйынтыктары боюнча шайланган Токтогул жана Кемин шаарларынын жергиликтүү башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын чакырылышынын мөөнөтүнө, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган тартипте ээлеген кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганга чейин Токтогул жана Кемин шаарларынын мэрлеринин статусундагы өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети администрациялык-аймактык бирдиктерди статистикалык эсепке алуусуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыккан мыйзамдардын долбоорлорун үч айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү башкаруунун тиешелүү органдары ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |