КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 12-октябры № 172
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7. 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-беренеде:
2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
3-бөлүктө "жана формасы" деген сөздөр алып салынсын; "бекитилет" деген сөз "бекитилет" деген сөзгө алмаштырылсын;
11-бөлүктө "жарымынын" деген сөз "3өөнүн" деген санга алмаштырылсын.
2. 36-берененин 2-бөлүгүндө ", шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрүн" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |