Редакцияот 29.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 29-октябры № 176

2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев