Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-октябры № 177
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 413-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Сатып алуулар боюнча мамлекеттик агентствонун" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 533-статьяда:
1-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Сатып алуулар боюнча мамлекеттик агентство" деген сөздөр "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик агентствосунун директору" деген сөздөр "мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |