Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 8-ноябры № 178
2011-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Конвенцияны ратификациялоо жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетине депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |