МыйзамКүчүндө

КР 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 179 «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция08.11.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 8-ноябры № 179

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 131-статьянын экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн он" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ондон жыйырма" жана "жыйырмадан кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 150-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн сегиз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден беш" деген сөздөр "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 167-статьянын экинчи абзацында "бирден беш" жана "бештен он беш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 182-статьянын биринчи абзацы "Парктардагы," деген сөздөн кийин "гүлбактардагы, пансионаттардагы, курорттордогу," деген сөздөр менен толукталсын.

5. 489-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев