Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 8-ноябры № 180
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 9-статьянын 3-бөлүгүн, 21-статьянын 5-бөлүгүн жана 39-статьянын 1-бөлүгүн кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "менчиктештирүү жана башкаруу боюнча" деген сөздөр "башкаруу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:
"4-1-статья. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты аныктайт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелериндеги мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик мүлктү башкарууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы.".
3. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
өз компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамда, Менчиктештирүү программасында, башка мыйзамдарда каралган мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну;
тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте Менчиктештирүү программасынын долбоорун иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүнү;
Менчиктештирүү программасынын аткарылышынын мониторингин.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
Менчиктештирүү программасын ишке ашырууну;
мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун камсыз кылууну;
республиканын кызыкчылыктарын жана мүлктүк укуктарын коргоону;
менчиктештирилүүчү объекттерди сатууну;
мамлекеттик мүлктү эсепке алууну уюштурууну жана анын реестрин жүргүзүүнү;
чарбалык шериктиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы менчиктештирүүгө жаткан мамлекетке таандык акцияларды (үлүштөрдү) эсепке алууну, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдеринде аныкталган сатып алуучуларды эсепке алууну жана милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону;
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө статистикалык жана бухгалтериялык отчеттуулукту жүргүзүүнү;
тиешелүү белгиленген ченемдерге ылайык мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн натыйжасында алынган акча каражаттарын алууну жана которууну;
Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлк объекттерине ээ болуу жана пайдалануу жана тиешелүүлүгүнө жараша башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын укугун белгилөөгө башка мамлекеттер менен келишимди даярдоону;
юридикалык жактарды түзүүчү катары чыгуу жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;
уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык шериктиктерде (коомдордо) акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүргүзүү жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;
мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттин атынан акционердин (катышуучунун) ыйгарым укугун жүзөгө ашырган чарбалык шериктиктердин (коомдордун) уставдык капиталындагы акциялары (үлүштөрү) боюнча дивиденддерди жана башка кирешелерди которууну камсыз кылуу боюнча чараларды;
мамлекеттик менчикте турган мүлккө (акциялардын пакетине) карата ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу катары чыгуу жолу менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;
мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча комиссия түзүүнү.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акционердик коомдордун жалпы чогулуштарында мамлекеттик менчикте калган акциялардын санына ылайык добуш укугуна ээ болот.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун функцияларын аткарууда мамлекеттик менчикте турган мүлктү же болбосо акциялардын пакетин ишенимдүү башкаруучуга өткөрүп берет. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү өз алдынча тескөөгө укуксуз.
Мамлекеттик мүлктү (акциялардын мампакетин) ишенимдүү башкарууга берүү андан ары ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү менен конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Мамлекеттик мүлктү (акциялардын мампакетин) берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жана көрсөтүлгөн келишимдин шарттарына карата талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Мыйзамда аныкталган өздөрүнүн ыйгарым укуктарын башка субъекттерге берүүгө укуксуз.".
4. 8-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 9-статьянын 3-бөлүгүндө "менчиктештирүү жана башкаруу боюнча" деген сөздөр "башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 21-статьянын 5-бөлүгүндө "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 39-статьяда:
1-бөлүгүндө "мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алардын компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча:".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|