Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 14-ноябры № 181
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө сулуу жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россия тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |