Загрузка документа…
КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 14-ноябры № 182
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 13-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 15-статьядагы "бир айлык мөөнөттөн" деген сөздөр "календарлык отуз күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 17-3-статья менен толукталсын:
"17-3-статья. Лицензиялоочу орган лицензия берүүнүн мөөнөтүн
бузган же аны берүүдөн баш тарткан учурда лицензияны
жол-жоболоштуруу тартиби
1. Лицензиялоочу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия берүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө кабарлоо арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
2. Эгерде лицензиялоочу орган арыз ээсине лицензия бербесе, же лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып календардык отуз күндүн ичинде арыз ээси өзү билдирген иштин түрүн жүргүзүп баштагандыгы жөнүндө тиешелүү лицензиялоочу органга жазуу жүзүндө кабарлайт.
Лицензиялоочу орган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алгандан кийин календардык отуз күндөн кечиктирилбестен лицензия берүүгө милдеттүү, анын колдонулушу арыз ээси жазуу жүзүндөгү кабарлоодо көрсөтүлгөн датадан башталат.
3. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.".
4. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Лицензия берүүдөн баш тартууга даттануу
Эгерде лицензия берүүдөн баш тартуу арыз берүүчүгө негизсиз болуп көрүнсө анда ал бул аракеттерге сот тартибинде даттанууга укукту.".
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн толук чараларды көрсүн.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |