Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 30-ноябры № 188
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 12-февраль, 1997-ж., № 8) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Турмуш-тиричилик абоненти - энергия менен жабдуу келишими боюнча өз турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн энергияны пайдаланган жаран;".
2. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Турмуш-тиричилик абоненттери үчүн электр жана жылуулук энергиясынын счетчиктери (жеке эсептөөчү приборлор) энергия менен жабдуучу уюмдардын каражаттарынын эсебинен сатылып алынат, орнотулат жана эксплуатацияланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |