Редакцияот 05.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 5-декабры № 192

 

2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

2012-жылдын 30-мартында Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы белгиленген тартипте көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө азербайжандык тарапка билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев