Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2012-жылдын 7-декабры № 195
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.,№7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо толук эмес берүүгө жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
А.Атамбаев |