Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 21-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 7-декабры № 196
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. № 10, 1110-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
22-беренеде:
1-бөлүк "алып келүүгө" деген сөздөн кийин ", сактоого" деген сөз менен толукталсын;
2-бөлүк "даярдоого" деген сөздөн кийин ", сактоого, ташууга" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу.";
8-бөлүктө "даярдоо" деген сөз "алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү," деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүүнү, даярдоону, сатып алууну, ташууну, кайра жөнөтүүнү, сактоону жана таратууну контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү;
ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу.
2012-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |