Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 10-декабры № 198
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 374-статьянын экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 396-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - бештен он, кызмат адамдарына - ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 398 жана 399-статьялардын экинчи абзацында "0,5тен бир" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 35-4-глава менен толукталсын:
"35-4-глава
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо
чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар
"505-18-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо
Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - ондон жыйырма, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 506-статьянын 4 жана 8-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. III бөлүмдүн 36-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 512-2-статья менен толукталсын:
"512-2-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдары
Өзгөчө кырдаалдар органдары ушул Кодекстин 505-18-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Өзгөчө кырдаалдар органдарынын областтардагы, Бишкек, Ош шаарларындагы башкармалыктарынын начальниктери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык айыптарды салууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |