Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-декабры № 199
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу"
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж.,№2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 6-беренеде:
3 жана 4-бөлүктөрдө "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
8-бөлүгү "коммерциялык эмес уюмдардын жана" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын;
9-бөлүктүн үчүнчү абзацында "каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат" деген сөздөр "Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 7-берененин 4-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "ыйгарым укуктуу жактын" деген сөздөр "юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 8-берененин 2-бөлүгүндө "чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 9-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "органдарды" деген сөз "мекемелерди" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 10-беренеде:
10-бөлүгүндө "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
13-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "коммерциялык эмес уюмдардын жана" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:
"16. Мамлекеттик кайра каттоо же болбосо ишин токтотууну каттоо жол-жобосунан өтүп жаткан, 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалыматтарды камтыган документти кошумча беришет.".
6. 11-беренеде:
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацында "фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы жана дареги көрсөтүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
4-1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);".
7. 12-беренеде:
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
6-бөлүгүнүн экинчи абзацында "аткаруучу органынын" деген сөздөр алып салынсын;
8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);".
8. 13-беренеде:
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.".
9. 14-беренеде:
"салык органдарына жана (же) Социалдык фонд органдарына" деген сөздөр "салык органына жана (же) Социалдык фонд органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген чечими каттоо органы тарабынан иш-аракетин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.".
10. 15-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "Чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "Финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; "Чет өлкөлүк" деген сөздөр "чет өлкөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган финансы-кредиттик мекеменин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн.";
4-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);";
6-бөлүгүндө "каттоодон кийин" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын.
11. 16-беренеде:
1-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацында "Чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "Финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын; "Чет өлкөлүк" деген сөздөр "чет өлкөлүк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын;
"- уюштуруу документтеринин бирден нускасын берүүгө (финансы-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);";
7-бөлүгүндө "каттоодон кийин" деген сөздөрдөн кийин "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын.
12. 17-беренеде:
1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "каттоочу орган" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
- алтынчы абзацында "чет өлкөлүк" деген сөздөрдөн мурда "финансы-кредиттик мекемелердин," деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- каттоо жыйымын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны;";
2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Социалдык фонддун органынын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө жана салык органынын салыктар боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкаттарынын колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 6 айдан ашпоого тийиш.".
13. 20-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик реестрден маалыматтар мамлекеттик мекемелерге акысыз берилет.".
14. 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) 2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтолушун каттатуудан өтүүгө милдеттүү.
2015-жылдын 1-январына чейин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон же иш-аракетинин токтотулушу каттоодон өтпөгөн юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) Социалдык фонддун органынын жана (же) салык органынын тиешелүү арызынын негизинде сот тарабынан мажбурлап жоюлууга жатат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |