Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 17-декабры № 200
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |