Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 21-декабры № 201
2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү алмашуу каттарын жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган бул алмашуу каттарына Толуктоону ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан түштүк регионун калыбына келтирүү үчүн 5 млн. АКШ доллары суммасындагы акчалай жардам берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзүүчү алмашуу каттары жана 2012-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган бул алмашуу каттарына Толуктоо ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте алардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун кыргыз тарабынан аткарылганы жөнүндө кытайлык тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |