КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 21-декабры № 203
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
65-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден үчкө чейин" деген сөздөр "үчтөн бешке чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үчтөн бешке чейин" деген сөздөр "бештен онго чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жашы жете электерди алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошого тете алар тарабынан жасалган кылмыш же атайылап администрациялык укук бузуулардын белгилерин камтыган жосундар, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |