Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 26-декабры № 204
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
283-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер иштетип берүүчү негизде акциздик товарларды чыгаруу бөлүгүндө акциз салыгын төлөөдөн бошотулган учурда, иштетип берүүчү сырьенун ээси акциз салыгынын салык төлөөчүсү болуп саналат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |