Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 26-декабры № 205
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
319-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5,0 пайыз өлчөмүндө.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5,0 пайыз өлчөмүндө сатуудан салык белгиленсин.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам кийинки салык мезгилинин биринчи күнүнөн тартып, жарыялангандан кийин 2 айдан эрте эмес күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |