Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-декабры № 206
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "жалпы орго" деген сөздөр "орто жалпы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамааты - педагогикалык жана илимий кызматкерлер (профессордук-окутуучулук курам) жана администрациялык-башкаруучу кызматкерлер;".
3. 4-статьянын 2-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы "жана негизги" деген сөздөрдөн кийин "жалпы" деген сөз менен толукталсын;
алтынчы абзацы "эмгекти" деген сөздөн кийин ", үй-бүлөнү, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы "билим берүү" деген сөздөрдөн мурда "мамлекеттик жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет ар бир жарандын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тарта негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдердин бирин үйрөнүшү үчүн шарттарды түзөт.".
5. 9-статьянын 6-бөлүгүндө жана 29-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "билим берүүсүнүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 10-статьянын 1-бөлүгү "Юридикалык жактарды" деген сөздөрдөн кийин ", филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 13-статьянын 2-бөлүгүндө "Президенти тарабынан" деген сөздөр "мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 34-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши," деген сөздөр алып салынсын.
9. 38-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38-статья. Билим берүү уюмдарын башкаруу
Билим берүү уюмдарын башкаруу демократиялуулук, борборлоштуруудан окчундоо, өз алдынчалуулук жана өз алдынча башкаруу принциптеринде курулат.
Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын өз алдынча башкаруунун формасы болуп саналат. Өз алдынча башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциялары, кеңеш жана билим берүү уюмунун жетекчисинин ортосундагы ыйгарым укуктарды ажырымдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат. Билим берүү уюмуна түздөн-түз жетекчиликти ректор, директор, башчы же башка жетекчи (администратор) жүзөгө ашырат.
Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, мектептердин, балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын мектептен тышкаркы, атайын жана кошумча билим берүү уюмдарынын, кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдардыкы - билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун региондук органы тарабынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси (ректору) альтернативдик негизде мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы жыйынында илимий даражасы жана наамы, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүү менен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү анын окуу жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
Эгерде аларга мамлекеттик жогорку окуу жайынын жамаатынын жалпы курамынын жарымынан көбү катышса, мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоо өткөрүлөт жана болуп өттү деп эсептелет.
Добуштардын көпчүлүк санын алган үч талапкер алардын бирин мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш кылынат. Сунуш кылынган үч талапкердин ар бири кызмат ордуна дайындалуунун тең укугуна ээ болот.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө шайланат жана бекитилет. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланышы жана дайындалышы мүмкүн эмес.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жаңы жетекчисин кезектеги шайлоо иштеп жаткан жетекчинин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси ушул окуу жайдын кайрадан шайланган жетекчиси кызматына киришкенге чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
Шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүүнүн курамы жана тартиби жогорку окуу жайдын окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынын бекитилет.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- ыктыярдуу отставкага кеткенде;
- ушул Мыйзамда каралган тартипте демилгеленген кайра чакыртып алынууда;
- оорусунун себеби боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүн болбогондо же каза болгон учурда;
- жазык жоопкерчилигине тартылганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин кайра чакыртып алуу мамлекеттик жогорку окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн кем эмесинин добушу менен демилгелениши мүмкүн. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин кайра чакыртып алуу жөнүндө чечим жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы чогулушунда, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди бекитүү мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин кызмат ордунан бошотууга алып келет.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисин шайлоону өткөргөнгө чейин мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындайт. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин милдетин аткаруучу мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатына жаңы кызматкерлерди алууга укуксуз.
Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жаңы жетекчисин шайлоо мурдагы жетекчи ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурдан тартып алтымыш күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.".
10. 49-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштеринин алкактарында жүзөгө ашырылуучу билим берүү жагындагы эл аралык кызматташтык накта өнөктөштүккө, аз ара ишенимге негизделет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде курулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кызмат ордуна ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин дайындалышкан мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери дайындалган мөөнөтү аяктаганга чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |