Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 10-январы № 2
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) коомдук иштерге тартуу.".
2. 28-статьянын 2-бөлүгү "жарандыгы жок адамдарды" деген сөздөрдөн кийин "коомдук иштерге тартуу," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 38-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Администрациялык камоо беш суткага чейинки, ал эми өзгөчө же аскердик абал шартында коомдук тартипке кол салгандыгы үчүн - жети суткага чейинки мөөнөткө колдонулат.".
2-бөлүгүндө "үч суткага чейинки мөөнөткө" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүгүндө "биринчи жана экинчи топтогу майыптарга" деген сөздөр "биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын:
"40-1-статья. Коомдук иштер
1. Коомдук иштер укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакта коомдун пайдасына акысыз эмгекти аткаруусунда турат, анын түрү сот тарабынан аныкталат. Коомдук иштердин түрлөрүнүн тизмеги, ошондой эле аларды аткаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамды коомдук иштерге тартуу боюнча чараларды биргелешип жүзөгө ашырат.
2. Коомдук иштер сот тарабынан аныкталат жана узактыгы кырк саатка чейин белгиленет.
Суткасына коомдук иштердин узактыгы:
- иштебеген укук бузуучулар үчүн - сегиз сааттан;
- иштегендер жана окугандар үчүн - төрт сааттан ашпайт.
3. Коомдук иштер аскер кызматчыларына, 55 жаштан жогору курактагы аялдарга жана 60 жаштан жогору курактагы эркектерге, кош бойлуу аялдарга, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн аялдарга, биринчи же экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.".
5. 42-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) биринчи же экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам тарабынан администрациялык укук бузуулардын жасалышы.".
6. 45-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45-статья. Коомдук иштердин, администрациялык камактын жана
атайын укуктан ажыратуунун мөөнөттөрүн эсептөө
Коомдук иштердин мөөнөттү - сааттар, администрациялык камактын мөөнөтү - суткалар, атайын укуктан ажыратуунун мөөнөтү - айлар жана жылдар менен эсептелет.".
7. 50-статьянын экинчи абзацында "15 суткага чейин" жана "15 суткага" деген сөздөр "үч суткага чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 57-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.";
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 65-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы "үчтөн бешке чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө" деген сөздөрдөн мурда "сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 66-статьяда "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 66-4-статьяда "он" деген сөз "үчтөн беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 66-5-статьянын экинчи абзацында "ондон он беш суткага чейинки" деген сөздөр "беш суткага" деген сөзгө алмаштырылсын.
13. 66-6-статьянын экинчи абзацында "он күндүк мөөнөткө чейинки" деген сөздөр "беш суткага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 66-9-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.".
15. 66-10-статьянын экинчи абзацында "ондон он беш суткага чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "беш суткага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 91-2-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы "бештен он беш суткалык мөөнөткө чейинки" деген сөздөр "беш суткага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 105-статьянын экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. 120-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен он саатка чейин коомдук иштерге тартуу менен он эсептешүү көрсөткүчүнө чейин; кызмат адамдарына - мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен он алты саатка чейин коомдук иштерге тартуу менен жыйырма эсептешүү көрсөткүчүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
19. 127-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш суткага чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "беш суткага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. 132-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартууга, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо кырк саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
21. 133-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
22. 134-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга жыйырма төрт саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - кырк саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
23. 135-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
24. 136-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
25. 137-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
26. 138-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо он алты саатка коомдук иштерге тартууга, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо жыйырма төрт саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
27. 139-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
28. 148-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - көрсөтүлгөн укук бузуулардын куралы болуп саналган предметтерди жана каражаттарды конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо көрсөтүлгөн укук бузуулардын куралы болуп саналган предметтерди жана каражаттарды конфискациялоо менен кырк саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
29. 149-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "же андай кылбастан" деген сөздөр алып салынсын.
30. 179-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
31. 182-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
32. 184-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
33. 191-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эки саатка коомдук иштерге тартуу менен бир эсептешүү көрсөткүчүнө чейин, кызмат адамдарына - төрт саатка коомдук иштерге тартуу менен беш эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салынууга алып келет.".
34. 220-статьянын 2 жана 4-бөлүктөрүнүн экинчи абзацы "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
35. 221-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
36. 238-статьянын 10-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "үч" деген сөзгө алмаштырылсын.
37. 282-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен отуз саатка коомдук иштерге тартууга алып келет.".
38. 364-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешуү көрсөткүчүнүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо үч суткага администрациялык камакка алууга алып келет.".
39. 367-статьянын экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
40. 371-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "отуз" деген сөз "жети" деген сөзгө алмаштырылсын.
41. 373-статьяда:
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "отуз" деген сөз "жети" деген сөзгө алмаштырылсын.
42. 391-статьяда:
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
43. 393-статьянын экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "жети" деген сөзгө алмаштырылсын.
44. 409-2-статьянын экинчи абзацында "же он беш күнгө чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга" деген сөздөр алып салынсын.
45. 409-3-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "же он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "он күндөн он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
46. 411-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
47. 420-статьянын экинчи абзацында "он беш" деген сөздөр "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
48. 488-статья "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "алты саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
49. 489-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
50. 490-статьянын экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
51. 491-статьянын экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
52. 497-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөрдөн мурда "мыйзамда белгиленген тартипте зыяндын ордун толтуруу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
53. 505-9-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "же он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга" деген сөздөр алып салынсын.
54. 505-14-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
55. 508-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Аларды жасагандыгы үчүн администрациялык камакка алуу жана/же коомдук иштерге тартуу түрүндө жоопкерчиликтер каралган укук бузуулар райондук, шаардык соттордун судьялары тарабынан, ал эми өзгөчө же аскер абалдары шарттарында - ушул Кодекстин 38-статьясынын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан да каралат.".
56. 632-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
57. VI бөлүмдө:
3-бөлүгүндө:
биринчи абзацында "жана коомдон бөлгөн шарттарда коомдук пайдалуу кара жумуштарда эмгекке акы төлөөсүз пайдалануу" деген сөздөр алып салынсын; "майыптарга" деген сөз "майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацында "отуз" деген сөз "жети" деген сөзгө алмаштырсын;
бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 74-бөлүк менен толукталсын:
"Коомдук иштер - укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош убакта коомдун пайдасына акысыз эмгекти аткаруусунда турат, анын түрү сот тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Өкмөт ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө:
өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |