Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-январы № 3
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 11, 683-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 4-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандуулугу, диний ынанымы, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча түздөн-түз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылыктарды берүүгө жол бербөө;".
3. 5-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Зарыл билими жана мыйзамда аныкталган тиешелүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу болот.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 6-беренеде:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.";
4-бөлүгүндөгү "Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүүчү, жалпы билим берүүчү, мектептен тышкары билим берүүчү, атайын билим берүүчү уюмдардын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 7-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндөгү "башкармалыгы жана" деген сөздөр алып салынсын;
4-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14-бөлүгүндөгү "Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 8-статьянын 2-бөлүгүндөгү "башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын.
7. 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.".
8. 12-статьяда "мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Сыйлануу укугу
Өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.".
10. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 18-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө кепилдик берет.
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |