КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-январы № 4
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 261-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
25-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Дене тарбия жана спорт мекемелеринин машыктыруучу-окутуучуларына төмөнкүдөй кошумча акы белгиленет: 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн кызматтык маянанын он пайызынан кем эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан кем эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан кем эмес өлчөмдө.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |