Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 21-январы № 6
2000-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2000-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |