Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 23-январы № 7
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2012-жылдын 17-апрели, № 31-32) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-тиркемеде:
- тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы.";
- 27-пункттагы "Областтык мамлекеттик администрациялардын башчылары" деген сөздөр "Областтардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 107 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |