Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 6-февралы № 13

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., N 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 40-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 41-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев