Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 14-февралы № 16
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Бир жыл ичинде" деген сөздөр "Катары менен төрт жолудан ашык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
52-берененин 2-бөлүгүнүн 10-пунктундагы "жыйналыштарына" деген сөз "сессияларына" деген сөзгө алмаштырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |