КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 14-февралы № 19
"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1283-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
13-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-берене. Милдеттүү нускалар
Басылмалардын бардык түрүнүн милдеттүү нускаларын берүүнүн тартиби жана саны документтердин милдеттүү нускаларын түзүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |