Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 15-февралы № 20
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык электр энергиясын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак.";
2. 15-1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Электр энергиясын керектөөчү төлөөнү керектөө мезгилинде колдонулган тарифтер боюнча, жеке эсептегичтин көрсөткүчүнө ылайык, календардык айда бир жолу, же болбосо алдын ала төлөө картасы менен электрондук эсептегичти пайдалануу, же болбосо контракттын шарттарына ылайык алдын ала төлөө жолу менен жүргүзөт.
Алдын ала төлөө болгондо, керектөөчү электр энергиясын алдын ала төлөө киргизилген учурда колдонулган тариф боюнча алат.
Керектөөчү эсептегичти сындырган учурлардан тышкары (заводдук бракты же сапатсыз орнотууну кошпогондо), турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн эсептегичтер электр энергиясын берүүчү тарабынан акысыз негизде орнотулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |