Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-февралы № 28
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
334-беренеде:
4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
5-бөлүгү "муниципалдык пайдалануучу" деген сөздөрдөн кийин "(, эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, (ижарага берүүчү)" деген сөздөр менен толукталсын;
7-бөлүгү "жер салыгын төлөөчү ижарага берүүчү" деген сөздөрдөн мурун "айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондудагы жерлерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.";
8-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарачы жер салыгын төлөөчү болуп саналат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|