Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 22-февралы № 29
Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 165-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. I глава төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
архив - архивдик документтерди сактоону, комплектөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырган мекеме же уюмдун түзүмдүк бөлүмү;
Кыргыз Республикасында архив иши (мындан ары - архив иши) - Улуттук архив фондунун документтерин сактоону, комплекттөөнү, эсепке алууну жана пайдаланууну уюштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын иши;
архив документи - аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттери бар, жарандар, коом жана мамлекет үчүн маалыматтын маанилүүлүгүнөн улам сакталууга жаткан маалымат жазылган материалдык алып жүрүүчү;
негизги иш боюнча документтер - алар түзүлгөн учурдан тартып жоюлганга чейинки мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын негизги ишин чагылдыруучу архивдик документтер;
өздүк курам боюнча документтер - кызматчынын жумуш берүүчү менен эмгек мамилелерин чагылдыруучу архивдик документтер;
Улуттук архив фондунун документи - мамлекеттик эсепке алынган жана катталууга жаткан документтин баалуулугу экспертизадан өткөн архивдик документ;
өзгөчө баалуу документ - көөнөргүс маданий-тарыхый жана илимий маанилүүлүгү, коом жана мамлекет үчүн өзгөчө мааниси бар жана ага карата эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген улуттук архив фондунун документи;
уникалдуу документ - өзүндө камтылган маалымат жана (же) анын белгилери боюнча теңдеши жок, жоготулса өз маанисинин жана (же) автографиялуулугунун көз карашынан калыбына келтирилгис өзгөчө баалуу документ;
электрондук документ - документтин милдеттүү реквизиттерин кошуп алганда, анда маалымат электрондук түрдө жазылган документ;
электрондук кол коюу - электрондук документке кол койгон авторду же адамды идентификациялоо үчүн электрондук документ жүгүртүүнүн башка субъекттери тарабынан колдонулуучу электрондук документтин милдеттүү реквизити;
фонд (коллекция) - бири-бири менен тарыхый же логикалык жактан байланышкан архивдик документтердин жыйындысы;
илимий-маалымдама аппарат - документтерди жана документтик маалыматтарды издөө үчүн арналган архивдик маалымдамалардын (делолордун тизими, каталогдор, фонддор боюнча жол көрсөткүчтөр, документтердин баяндамасы), маалыматтар базасынын комплекси;
электрондук архив - маалымат электрондук түрдө жазылган архив;
Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоо - документтерди мөөнөтүн аныктабастан (мөөнөтсүз) сактоо;
документтерди убактылуу сактоо - документтерди ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттүн ичинде жок кылынганга чейин сактоо;
Улуттук архив фондунун документтерин убактылуу сактоо - мекемелер тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте Улуттук архив фондунун документтерин аларды мамлекеттик архивге сактоого өткөрүп бергенге чейин сактоо;
документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүү - документтерди сактоо мөөнөтүн аныктоо жана аларды Улуттук архив фондунун курамына киргизүү үчүн тандап алуу максатында алардын баалуулугунун критерийлеринин негизинде документтерди изилдөө;
архивдик документтерди тартипке келтирүү - архив ишин башкаруунун республикалык органы тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык архивдик документтерди сактоо бирдиктерине (делого) түзүү боюнча иштердин комплекси;
архивдик документтердин менчик ээси - архивдик документтерге ээлик кылууну, пайдаланууну жана мыйзамда же келишимде белгиленгендердин чегинде аларды тескөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же болбосо юридикалык же жеке жак;
архивдик документтерди пайдалануучу - маалыматты пайдалануу максатында аны алуу үчүн архивдик документтерге кайрылуучу жеке же юридикалык жак;
электрондук документтин автору - электрондук документти түзгөн жеке же юридикалык жак.".
2. 4-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, кесиптик жана чыгармачыл союздардын, кооперативдик жана башка уюмдардын;".
3. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:
"5-1-статья. Улуттук архив фондунун өзгөчө баалуу жана уникалдуу
документтери
Улуттук архив фондунун документтерин өзгөчө баалуу документтердин, анын ичинде уникалдуу документтердин катарына кошуу тартиби, мындай документтерди эсепке алуу жана сактоо, алардын камсыздандыруу көчүрмөлөрүн түзүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Өзгөчө баалуу жана уникалдуу документтер архивдин адистештирилген документтерди сактоого оптималдуу шарттар түзүлгөн сактоочу жайларында сакталат. Бул документтердин камсыздандыруу көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түзүлөт.".
4. 8-статья "менчиктин мамлекеттик эмес түрүндөгү ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын," деген сөздөрдөн кийин "саясый партиялардын," деген сөздөр менен толукталсын.
5. 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Ведомстволук архивдерден документтердин түп нускасын алууга тыюу салынат.".
6. 16-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук архив фондунун документтерин туруктуу сактоону мамлекеттик архивдер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, коргоо, ички иштер, тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ведомстволук архивдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана анын мекемелери жүзөгө ашырат. Мекемелер ошондой эле тармактык фонддордун - геологиянын жана минералдык ресурстардын, жерге жайгаштыруунун, геодезиянын жана картографиянын, стандартташтыруунун жана метрологиянын, патенттин, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун, жарандык абалдын актыларын каттоонун өзгөчө документтерин туруктуу сактоону да жүзөгө ашырат.".
7. 17-статьянын 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аудиовизуалдык документтер үчүн - көчүрүү аяктагандан кийин, телерадио берүүлөр үчүн - эфирге чыккандан кийин, машина окуучу документтер үчүн - 3 жыл.".
8. 18-статьянын 1-бөлүгү "сөзсүз түрдө" деген сөздөрдөн кийин "атайын архивдик кутуларда, папкаларда, тубустарда" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 19-статьянын 1-бөлүгү "аймактык мамлекеттик архивдерден" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Электрондук документтердин мамлекеттик архивинен" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 20-статьянын 1-бөлүгү "укук жолдоочуларга," деген сөздөрдөн кийин "же жогору турган уюмдун архивине" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мекеме - мамлекеттик архивдерди комплекттөө булактары архив документтеринин көлөмү жана сактоонун шарттары жөнүндө белгиленген тартипте статистикалык отчет берүүгө милдеттүү.".
12. 22-статья "саналган жарандар" деген сөздөрдөн кийин "архив документтерин тиешелүү илимий-маалымат аппараты менен иреттелген абалда сактоого," деген сөздөр менен толукталсын.
13. 25-статьянын 3-бөлүгү "аларды иштеп чыгуу," деген сөздөрдөн кийин "аларга илимий-маалымат аппаратын түзүү," деген сөздөр менен толукталсын.
14. 27-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Жарандардын мүлктүк укуктарына тиешелүү архивдик маалымдамалар негизги ээлерине гана же болбосо алардын ишеним каты же соттун талабы боюнча берилүүгө тийиш.".
2-берене.
(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 12, 574-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
"Кинофотофонодокументтердин борбордук мамлекеттик архивине", "Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кинофотофонодокументтердин борбордук архивине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архив агенттигине" деген сөздөр "Архив ишин башкаруунун республикалык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын Китеп палатасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 22-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Документтердин акысыз милдеттүү республикалык нускасы
жөнүндө маалымдоо
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Мамлекеттик китеп палатасы келип түшүүчү басылмалар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик библиографиялык көрсөткүчтөрдү басып чыгарат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|