Редакцияот 25.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 25-февралы № 31

 

2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев