Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 25-февралы № 34
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
24-глава төмөнкүдөй мазмундагы 236-1-статья менен толукталсын:
"236-1-статья. Сапатсыз курулуш
1. Сапатсыз курулган, аягына чейин бүткөрүлбөгөн же келишимдин жана долбоордук документтердин шарттарына ылайык келбеген имараттарды жана курулмаларды, электр станцияларды, турак үйлөрдү же башка курулуш объекттерин ишке чегилүүчү, курулуш уюмунун жетекчиси жана курулуштун сапатына көзөмөлдү жүзөгө ашырган кызмат адамы тарабынан эксплуатациялоого берүү жана (же) кабыл алуу, ошого тете жумуштарды жүргүзүүчүлөр тарабынан алардын сапатсыз ремонту, эгерде бул байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор же анча оор эмес залал келтирсе, -
жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосун байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келсе, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |