Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-марты № 37
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 450-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"Булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар.";
"Парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар.".
2. 35-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35-статья. Климаттын өзгөрүүсүнө тийгизүүчү зыяндуу таасирди
четтетүү боюнча чаралар
Климаттын өзгөрүүсүнө тийгизүүчү зыяндуу таасирди четтетүү максатында Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй чаралар жүзөгө ашырылат:
- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуунун жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясынын улуттук кадастрын жүргүзүү;
- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;
- бардык тиешелүү секторлордо, энергетиканы, транспортту, өнөр жайын, айыл чарбасын, токой чарбасын жана калдыктар менен иштөөнү кошуп алганда, Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган бардык парник газдарынын чыгышын чектөөгө, төмөндөтүүгө же токтотууга алып келүүчү технологияларды, усулдарды жана процесстерди өткөрүп берүүнү кошуп алганда, иштеп чыгууну, колдонууну жана жайылтууну колдоо;
- социалдык, экономикалык жана экологиялык саясат жүргүзүүдө климаттын өзгөрүүсүнүн проблемаларын эске алуу;
- климаттык тутумга байланыштуу илимий, технологиялык, техникалык, социалдык-экономикалык жана башка изилдөөлөрдү, тутумдук байкоолорду жүргүзүүнү жана маалыматтар банкын түзүүнү колдоо;
- климаттын өзгөрүү маселелери боюнча билим берүү, кадрларды даярдоо жана калкты агартуу тутумундарын өркүндөтүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|