Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 14-марты № 40
2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо грамоталарын алмашууну жүргүзсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |